Таиланддын Лопбури шаарында миңдеген маймылдар дүкөндөргө, үйлөргө кирип, шаарды каптап кетишкен. Жергиликтүү полиция кызматкерлери дагы эч нерсе кыла албай калышканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шаарда болжол менен 8 жарым миңдей макака бар. Маймылдарга көбүнчө шаарга келген туристтер тамак берип келишкен. Коронавирус пандемиясынан улам туристтер келбей, алар ачка калышкан жана шаардагы дүкөндөрдүн, үйлөрдүн терезелерин талкалап кирип тамактанышып, андагы адамдарга кол салып жатышат.
Мындан улам аталган шаардагы кинотеатр, чач тарач жана дүкөндөр жабылды. Жергиликтүү тургундар макакалар менен адамдардын ортосундагы табигый тең салмактуулук бузулду деп эсептешкен.
Таиландда жалпы 3 миң 298 адамдан коронавирус аныкталды. 58 адам каза болсо, 3 миң 111 бейтап айыгып чыкты.