Белгилүү актёр Том Хэнкстин жубайы Рита Уилсон коронавирустан дарылоонун терс жактарын айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Уилсон хлорохин дарысы тууралуу айткан.
"Кускуң келип, башың айланат экен. Менин булчуңдарым алсыз болчу, ошондуктан өз алдымча тура алчу эмесмин", - деп жазган Уилсон.
Ошондой эле ал аны вирустан дал ушул хлорохин айыктырыш мүмкүн экендигин айткан.