3-апрелге карата берилген маалыматка ылайык, дүйнө жүзүндө "Ухан вирусу" менен жабыркагандардын саны миллиондон ашты, тагыраагы, 1 миллион 14 миң 673 болду. Айыккандардын саны - 210 миң 335, каза болгондор - 52 миң 973.
Коронавирус тездик менен жайылып жаткан АКШда бир суткада 31 миң 306 адам вирус жуктурган. 2-апрелге карата көрсөткүч 213 миң 372 болсо, 3-апрель күнү 244 миң 678 болуп көбөйдү. 9058 жаран илдеттен арылып, ооруканадан чыгарылса, 5911 адам дүйнө салды.
Италияда 115 миң 242 адам вирус жуктуруп, анын 18 миң 278и айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми 13 миң 915 адам тилекке каршы, вирустан көз жумган.
Испанияда 112 миң 65 жаран вирус жуктурганы аныкталган, 26 миң 743 жаран илдеттен арылса, 10 миң 348 адам каза болгон.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.