Вице-премьер Жалал-Абадда ооруканага коронавирус менен жаткырылган 9 адамдын 8инин өлүмү текшериле турганын билдирди

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Жалал-Абадда ооруканага коронавирус менен жаткырылган 9 адамдын 8инин өлүмү текшериле турганын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал бейтаптар протоколдо жазылган эреже менен дарыланбаганын жазды.

"Жалал-Абаддагы менчик ооруканадан 9 бейтап мамлекеттик аймактык ооруканага которулду, анын 8и каза болду. Бул боюнча прокуратурага иликтөө тапшырмасы берилди", - деп жазды ал.

Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында Бишкек шаарындагы бейтапканаларда дарыгерлер жайында вируска каршы кытай таблеткаларын таркаткандыгы кооптондура турганын айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
forever88
2020-12-05 16:36:02
Биринчи гум жардамга келген маска, костюм, перчаткилерди кимдер болуп алганын,кимдер сатканын ошолорду тапкылачы. Алыран байкуш карапайым медиктерге, элге эле жетет. Дары жетпей канча адам олду, ошол дарыларды ким кымбаттаты ошолорду билгиле да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан