Ош шаарынын тургуну ӨКМнын башкармалыгына карата нааразычылыгын түз эфирде маалымат берүү өтүп жатканда билдирди. Тургундун суроосу: "Биз ӨКМнын кызматкерлерине айрым аймактарды дезинфекциялоону суранып кайрылсак, орой мамиле жасап жатышат, кээде шылдыңдап да күлүшөт. Силер дезинфекциялоо ишине ушундай көңүл кош мамиле жасайсыңарбы?".
Буга онлайн маалымат берип жаткан ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын өкүлү Нурлан Баймуратов жооп берип, мындай учурларда дароо башкармалыкка чалып, жетекчиликке кызматкердин мамилеси тууралуу жеткирүүнү сунуштады.
"Бүгүнкү күндө биздин кызматкерлер күнү-түнү иш алып барышууда, жөө да, унаа менен да дезинфекция кылып жатабыз. "Тазалык", "Жашылдандыруу", "Суу канал" ишканаларынан 7 унаа алып, алар сууларды жеткирип берип жатышат. МАИ кызматкерлери жарандардын коопсуздугу үчүн аларды үйлөрүнө киргизүү аракетин көрүп жатышат. Ага карабай сиздер айткан жерлер дезинфекцияланбаса же ӨКМнын кызматкери ошондой бир мамилелерди жасаса, түз эле башкармалыкка байланышып айтыңыздар, жетекчилик бул көрүнүштү чечет", - деди ал.
Ал эми ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов: "Биздин пландар түзүлгөн, ошол план боюнча иштер жүрүп жатат. Кайсы аймакта, кичи райондо, айылда дезинфекция дагы жүрүш керек десе ошол аймактын башчысы ошол аймактын штабына же айыл аймак башчысына кайрылса болот. Биз кайрадан залалсыздандырып беребиз. Мындан тышкары эл дезинфекция жүрүп жаткан учурда ошол жердин айланасында кенен-кесири жүрүшөт. Өздөрүнүн коопсуздугу үчүн ал көчөгө, ал айланага барбаш керектигин эскертебиз", - деди.
ӨКМнын өкүлдөрү дезинфекция боюнча тургундарда көйгөйлөр жаралса, Ош шаарына 7-25-37 номерине же бирдиктүү 112 кыска номерине чалса боло тургандыгын белгилешти.