Бүгүн, 18-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржиев маалымат жыйын берүүдө.
"Учурда 4 миң 800 киши үй карантининде жатат. 150 киши обсервацияда, алардын 131и медицина кызматкерлери. Алар ооруканаларда жугуштуу бөлүмдөрдө кызматын өтөп, обсервациядан чыгып, анализдерин күтүп жатышат", - дейт облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары.