Бүгүн, 30-апрелге карата коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал тууралуу жаңыланган маалыматтар онлайн жыйында айтылды. Маалымат жыйын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана министрликтин бөлүм башчысы Кубанычбек Калматовдун катышуусунда өттү.
Суроо: "Түштүк аймактарга жөнөтүлгөн дарыгерлер министрлик таксиге өзүңөрдүн чөнтөгүңөрдөн каражат төлөп келгиле деп жатышканын айтышты. Аларды жеткирүү, алып келүү каралды беле? Алардын канчасы кайтып келди, канчасы калды?"
Кубанычбек Калматов: "Түштүк аймакка жөнөтүлгөн дарыгерлерди атайын жеткирүү каралган. Бул маселени карап чыгабыз".
Айнура Акматова: "Өзгөчө абал учурунда аймактарга баруу, келүү маселе жаратат экен. Анткени аймактарга кеткен дарыгерлердин иштөө мөөнөтү ар кайсы убакытта аяктап жатат. Мен өзүм дагы жакында эле түштүк аймактан жүк ташуучу унаа менен келдим. Албетте, бул ишти карап, кеңири маалымат беребиз".
Айнура Акматова: "Чүй облусу бардык аймактардын тургундарын кабыл алган борбор болуп эсептелет. Бул аймакка түштүк аймактан дагы келгендер көп. Мындан тышкары ишканалар дагы көп. Ошондон улам коронавирус менен ооругандар көп болууда".
"Чүй облусу Казакстан менен чектешкен, ал жакка кирип, чыккан айдоочулар жана чет элдик жарандар көп болот. Ошондой эле чет өлкөдөн келгендер дагы "Манас" эл аралык аэропорту аркылуу аймактарга кетишет", - деп кошумчалады Калматов.
"Учурда ооруканалар чукул учурда гана бейтаптарды кабыл алууда. Өзгөчө кырдаал режими алынгандан кийин өлкөнүн бардык аймактарындагы бардык медициналык жайлар мурдагыдай режимде иштеп баштайт", - деди министрликтин бөлүм башчысы.
Бүгүнкү күндө 253 мобилдүү бригадалар түзүлгөн.
Лабораториялык изилдөөдөн кийин коронавирус тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 3 миң 86 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Өлкө боюнча обсервацияда 864 адам жатат.
Коронавирус жуктуруп алганы аныкталгандардын ичинен 15 жашка чейинки балдардын саны 100гө жетти.
16 жаштан 19 жашка чейин - 20;
20 жаштан 35 жашка чейин - 210;
35 жаштан 55 жашка чейин - 257;
55 жаш жана андан жогору - 159.
Стационарда – 276 бейтап жатат. Анын ичинен 12 бейтаптын абалы оор, анын алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Бир сутка ичинде 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган:
Бишкек шаары – 1;
Чүй облусунда – 2;
Ош облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча 195 медициналык тармактын кызматкеринен коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 105 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыккан.
30-апрелге карата дагы 17 адамдан коронавирус аныкталды. Алар:
Бишкек шаары – 3;
Ош шаары - 1;
Ош облусу - 2;
Жалал-Абад облусу – 1;
Чүй облусу - 9;
Нарын облусу - 1.
Жалпы 746.
Сутка ичинде 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар:
Бишкек шаары – 8;
Ош шаары – 5;
Ош облусу - 4;
Жалал-Абад облусу - 1;
Нарын облусу - 6;
Ысык-Көл – 1.
Жалпы 462.