+309. Бул коронавирус өлкөгө келгенден берки эң жогорку көрсөткүч! Бишкек менен Ошто кайрадан илдетти жуктуруп алгандар көп

Өлкө аймагында дагы 309 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу илдет боюнча өлкөдөгү абалды айткан онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бишкек шаары – 118;
Чүй облусу – 23;
Ош шаары – 94;
Ош облусу – 39;
Нарын облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 19;
Ысык-Көл облусу – 5;
Талас облусу – 3;
Баткен облусу – 3.

Жаңы катталган 309 адамдын ичинен 5өө сырттан келген, калган 304ү тастыкталган учурлар менен байланышта болгон.



Ошентип, соңку 6 күн ичинде өлкөдөгү коронавирус боюнча эң жогорку көрсөткүч 5 жолу жаңыланды. 22-июнда 205, 24-июнда 207, 25-июнда 228, 26-июнда 250 адам илдет менен каттоого алынды.

Республика боюнча 4513 адам бул илдетке чалдыкты.

Стационарда – 628, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 12, үй карантининде оору белгилери жок өтүп жаткандар – 1627.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 3 887, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 17 929 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
NSKA
2020-06-27 10:10:47
Негизи мындан да көп ооругандар, Бишкекте 80% элдер ооруп үйдөн эле даарыланып атышат, тез жардам алып кетпей жатат, 118ге чалса да жооп жок, жогорудагы көрсөткүчтөн бир канча жогору ооруп жаткандар.
+7
modem4999
2020-06-27 10:15:28
Азыр грипп да журуп атат коп паникага алдырбаныздар
+6
Bars88
2020-06-27 10:19:15
Мамлекет оздору эптей албай атышат 118ге чалгыла дейт чалса жардам беришпейт.Элге жайылып кетти жардам бералбаса айтышсын уйунордон мына дарыларды ичип озунорду дарылагыла деп.Же башка оруулуларды карабай олуп атышат орууканалар кабыл албай.Элдер врачсыз эле жашап атышат 3 айдан отту
+3
mirlan.tulanbaev
2020-06-27 10:40:03
Окмотко деле баары бир болуп калган окшойт ушундай коп оору чыгып жатса деле шаарларды жаппай.чондор козомолдош керек эле башынан болду эми тарап кетиптир ото кеч болуп калды.силердин аракетинерден майнап чыкпады шордуу кыргыз элим
0
bond
2020-06-27 10:42:41
Мамлекет эптей албайт дебей ар ким өзүнө сак болуу керек.
+8
bond02
2020-06-27 10:57:11
Коркпогула туугандар, план боюнча баратат 5000дин тегерегине барып токтойт го дейм.
-2
ZUXRIDDIN20
2020-06-27 14:27:04
bond02,5000 ге жетип токтобойт. Апрелдин аягында да Казакстан айткан майга өтүп Казакстанда 4000 ге жетет деп. Ал кезде 2500 болгон эле. Көрүп жатасыңарго азыр казакта 20миңден ашып, оорусу сезилбей жаткандар 13 миңге жетти
0
Tymar
2020-06-27 12:02:33
Жараткан Тенирим жамандыктан сактасын.
-1
NSKA
2020-06-27 12:14:04
Көптөгөн күчтүү мамлекеттердин тынчы кетип калды го, биз Кыргызстан жол болсун
0
maks992
2020-06-27 13:52:04
ишенбейм жок оору бул дегендер көрүп койгула
-1
karakyz23
2020-06-27 17:41:04
Эх кыргызым,ишенесиңерби мен күйүп атам,күйүп.
0
nazarnew
2020-06-27 20:27:35
Вакцинасы күздө чыгат экен, сентябрдан баштап, үч вакцина күчтүү таасир берет экен, бул оору организми күчтүү адамдарга и жаш балдарга сезилбейт экен, алсыздарга и оорулуу адамдарга күчтүү таасир берет экен, анан жакшы көзөмөл кылса сакаят экен, паникага алдырбоо керек оору сезилсе, күчтүү тамак жеп и спорт көнүгүүлөрдү жасоо керек. Кудай буюрса муну да жеңип чыгабыз. Аллахтан суранып күчтүү болгону.
-1
Usow
2020-06-27 23:24:11
Паника кылбагыла элдер сураныч силерден Аллах буйурса женебиз вирусту болгону эрежени сактагыла все
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан