"Күйөөм камалып кетсе, бизди ким багат?". Баласын сабаган атанын аялы күйөөсүнүн камалышын каалабайт

Интернет желесине баласын сабаган атанын аялы менен чогуу бирге кечирим сураганын чагылдырган видео тарады. Анда баланы сабаган атанын аялы "бизге жардам бере турган киши жок" деп ыйлап, кечирим сураган.

"Менин атам жок, алар мени багып алышкан. Жолдошумдун апасы дагы кайтыш болуп калган. Кайнатам дагы эч жерде иштебейт жана бизге жардам бере турган да киши жок. Жолдошум камалып кетсе, мага эч ким жардам бере албайт. Ошондуктан кечирим сурайбыз, кечирип койгула", - деп билдирген ал видео кайрылууда.

Азыркы тапта да бул окуя коомчулук тарабынан кызуу кепке алынууда. Алар эки жээкке бөлүнүп, биринчи тарап атаны камалып, жазасын алсын десе, экинчи тарап эскертүү берүү жетиштүү деген пикирлерин билдирип жатышат. Буга чейин баланын ата-энеси суракка алынып, 4-перзентин күтүп жатышканы маалым болгон.

Кечээ, 17-апрелде интернет желелерине баланы "отжимание жаса" деп мажбурлап, баласын сабап жаткан эркек кишинин видеосу тараган. Видеодо ал баланы муунтканга чейин барган. Коомчулукта талкууну жараткан чуулу видео боюнча SUPER.KG порталы айрым маалыматтарды алган.

Көп өтпөй баланын тай тарабы окуя боюнча полиция кызматына кайрылганын билдирген. Андан соң баланын атасы кылган жоругуна өкүнүп жатканы тууралуу маалымат тараган. Ошону менен токтолуп калбай, байма-бай интернет булактарына ата-энесинин баласы менен урушпай, жакшы сүйлөшүп отурган видеолору чыгып жаткан.

"Күйөөм камалып кетсе, бизди ким багат?". Баласын сабаган атанын аялы күйөөсүнүн камалышын каалабайт
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
AksyKum
2020-04-18 15:13:43
Камалсын деген коментарийчилер жардам берет.камалсын дегендер жардам бере алсанар камалсын дегиле
-2
erlan2196
2020-04-18 15:21:36
Биз билбеген мындай окуялар чачтан коп. Бироону ожимания жасатканды коюп, озу жасай бербейби. Уйдо баатыр, жоодо жок.
+5
gul3ina
2020-04-18 15:46:27
ХХХХХ иште өзүң.Иштеп бак бии күйөөнүн көзүн карабай
-4
Belek1710
2020-04-18 16:43:42
gul3ina,Боюнда бар деп атпайбы, 4чү наристесин күтүп жатышыптыр го
+1
murat17
2020-04-18 20:26:32
Belek1710,ал ойу жок суйлоп койду да галдирап
0
bond02
2020-04-18 17:33:51
Эч нерсе болбойт, баланы кээде ошентип какыс кукус кылып коет да. Азыркылар эле назик болуп кетишет тимеле.
-2
Kanzada97
2020-04-18 17:47:25
bond02,какыс кукыс мынчалыка барбайт! Анда озундун баланды какыс кукус кыла берда
+3
Kanzada97
2020-04-18 17:47:41
Камалсын! Камалсын!
0
Baku88
2020-04-18 18:16:29
Камалсын же ата эне укугунан ажыратылсын
0
nnn.sss
2020-04-18 18:18:49
Элден эмнеге кечирим сурайт, баласынан сурасын
+11
Dani
2020-04-18 19:13:01
Жазасын алсын
0
kirgizstan
2020-04-18 19:56:45
Бетин жаппай эле койгула, элдин баары таанып болду
+2
nurgaz
2020-04-18 20:23:54
Баланы кээде акырын абайлап уруп коркутуп койсо эчтеке болбойт. Видеону кордум мен дагы, ал жерде ото катуу сабаган эмес. Кээ бир балдар соз менен айтканга тушунбойт, андай балдарды уруп тарбиялаш керек.
-1
Aitunuk
2020-04-18 22:54:03
Баланы уруп тарбиялабай, ишеним артып тарбиялайт. Бала андан ата-энеси көптү күтөрүн сезсе, баарына даяр болот. Сабак окутуп жатканда башка-көзгө койгулап, отжимание жасатуудан эч пайда жок. Коркконунан башына эч нерсе кирбейт. Эгерде ал жакшы окуса, келечекте кандай нерселерге жетерин түшүндүрсө, ата-эне ишеним артса, бала аракет кылат. Баланы уруп тарбиялабайт, ага авторитет болуп тарбиялайт. Менин уулума атасы кол көтөрмөк турсун, үнүн бийик чыгарбайт, уулум ал үчүн тоону томкорууга даяр.
0
Aitunuk
2020-04-18 23:27:17
Баланын энесинин кебине түшүнбөдүм "...мени багып алышкан" деп, жаман көргөнүнөн эмес, ага зар болгонун бакса керек. Кызым дегенин улам балдарын энеси кичинесинен багып берип отурса керек. Бул энесинин күйөөсүнүн үстүнөн милицияга арыз жазганынан улам айтып жатса керек, андай экен уулун коргоп албайбы зөөкур күйөөсүнөн, бага албагандан кийин төрөп эмне кылат дейм да.
-1
lady.girl7997
2020-04-18 23:54:02
Кийин балаң чоңоюп, сени жана күйөөңдү карылар үйүнө таштап кеткенде айтасыңда:" За что?!"-деп
0
Kitep
2020-04-19 06:57:24
Бир жылы Бир милиция кызматкери машинеде озунун кичинекей кызын аялынын козунчо урушуп сөгуп ыйлаткан видеосу чыккан эле,ошол да камалдыбы??
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан