Бүгүн, 5-апрелде социалдык тармактарда Сузак районунда пневмониядан дарыгер каза тапты деген маалымат тараган.
Бул маалымат боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги түшүндүрмө берип, каза тапкан жаран Сузактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда психиатр болуп иштеген 1956-жылы туулган А.Б. экенин кабарлашты.
"Маркум дарыгер 2020-жылдын 31-мартында Сузак районунун аймактык ооруканасына пневмония жана 1-2-даражадагы дем алуу жолдорунун аба жетишсиздиги диагнозу менен түшкөн. Бейтап өтө оор абалда келгендиктен, түз эле жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аталган жаран бардык тийиштүү дарылануу процесстеринен өтүп жаткан. Анын оору тарыхынын негизинде ал декабрь айынын соңунан бери ооруп, бирок үйдөн дарылана баштаганы маалым болгон. Өз алдынча дарылануусу оорунун өрчүшүнө алып келген. Маркум дарыгер обсервациядагы жана изоляциядагы жумуштарга тартылган эмес. Ошондой эле үй карантининде жаткандар менен дагы контакт болгон эмес. Бейтапка коронавируска ПЦР анализи жүргүзүлгөндө, ал терс жыйынтыкты берген. Бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн жасалган чараларга карабастан, ал 3-апрель күнү каза болуп калган. Маркумдун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогон себептердин бири, анын ооруканага өтө кеч кайрылганы болду", - деп айтылат министрликтин берген маалыматында.