Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев №17 үй-бүлөлүк медицина борборундагы кырдаалды териштирип, күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карап, окуяны тыкыр иликтөөнү тиешелүү тараптарга тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Териштирүүнү көзөмөлдөө жоопкерчилиги вице-премьер-министр Аида Исмаиловага жүктөлдү.
Анда өкмөт башчы мамлекет коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө дарыгерлерди колдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын жана бардык зарыл каражаттарды бөлүп жаткандыгын баса белгилеген.
Буга чейин Бишкектин Ленин районундагы Чоң-Арык айылындагы №17 үй-бүлөлүк медицина борборундагы төрт кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алар учурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Ал эми оорукана убактылуу жабылып, анын 22 кызматкери обсервацияга алынганы белгилүү болгон.