Бүгүн, 22-майда Өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев онлайн маалымат жыйын берди. Анда Асрандиев бюджетке кирген өзгөрүүлөр тууралуу айтып, бюджеттеги толуктоолорго дагы токтолду.
"Бир нече күн мурун бюджет тууралуу маалымат бердим эле. Ал жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттары менен дагы сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошол эле учурда эсептөө палатасынын дагы корутундусун алдык. Парламент кечээ, 21-майда 2-3-окууда бюджетке болгон өзгөрүүлөрдү карап берди. Эң негизгиси киреше жагы баштагы долбоорго салыштырмалуу 2 миллиард 200 миллион сомго көбөйтүп жатабыз.
Ошол эле учурда кээ бир чыгашалар кайра ордуна келтирилди. Анын арасында жергиликтүү органдарга 1 миллиард сом кайра ордуна келтирилген. Бул аймактардын маселесин чечүүгө багытталган. Мындан тышкары Бишкек мэриясына 744 миллион сом киргизилди. Бул шаардагы мугалимдердин айлык маянасына багытталат. Андан сырткары спортко 74 миллион сом кошуп жатабыз. Бул Кыргыз өлкөсүнүн атын чет мамлекетке таанытууга, олимпиада оюндарына катышкандарга байланыштуу чыгашалар. Бир топ кыскартууларга карабастан, биздин бюджеттин тартыштыгы чоң көлөмгө кыскарып отурат. Ошол жетишпестиктин ордун толуктоо максатында биз сырттан эл аралык донор өнөктөштөрүбүздөн каражат тартуу аракетин көрүп жатабыз. Аны менен бирге бир эле сырткы жардамга таянбай, ички булактардан каражат табуу иштери да жүрүүдө", - деди Асрандиев.