Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 3 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, оорудан каза болгондор Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана Ош облусунда катталган.
Бул көрсөткүч менен коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 381ге жетти.