Гарвард университетинин изилдөөчүлөрү карантиндик чектөөлөр 2022-жылга чейин уланышы керек деп эсептешет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, пандемиянын жүрүшү азыркы тапта коронавирустун адамга белгисиз болгон өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды. Азыркы тапта коронавирус жыл мезгилине кандай таасир этет, ооруган адамдарда вируска каршы иммунитет иштелип чыгабы же жокпу белгисиз.
Божомолдордун бирине таянсак, эгерде карантиндик чектөөлөр алып салынса, вирустан жайылышы күзүндө күч алып, кышында сасык тумоо менен атаандашат. Мындан улам ооруканалар кайрадан бейтаптарга толот.
Ал эми дагы бир божомол боюнча адамдар 2025-жылга чейин коронавирус менен ооруй беришмекчи.
"Коюлган чектөөлөрдү вакцина иштелип чыкмайынча жана ооругандардын саны азаймайынча толугу менен алып салбаш керек. Кандай болгон күндө да эпидемиологиялык көзөмөл ошол бойдон калуусу керек, анткени вирус 2024-жылы кайрадан жанданышы мүмкүн", - деп билдирген окумуштуулар.
Ошондой эле окумуштуулар чектөөлөрдү сактап туруу ооруканалардагы абалды жакшыртып алуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берерин кошумчаланган.