Индияда коронавирус инфекциясы күн сайын күчөп жатат. Бул өлкөдө бир сутка ичинде 332 миң 730 адамдан коронавирус аныкталса, 2 миң 200дөн ашуун адам каза болду. Бул сан пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Индия коронавирус аныкталган адамдардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, өлкөдө COVID-19 оорусунун 16 миллион 200 миңден ашык учуру катталган. 13 миллион 600 миңден ашуун адам айыгып, 186 миң 900 адам коронавирус жана ага байланыштуу оорулардан көз жумган.
Индияда оорулардын санынын өсүшү февраль айынын ортосунан бери уланып, COVID-19дан дарыланган адамдардын саны 2 миллион 422 миңден ашкан.