Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 8 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында коронавирус илдетинен 4 бейтап каза болду. Калгандары:
Чүй облусунда - 3
Ысык-Көл облусунда - 1
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1612 кишини түздү.