Американын Нью-Йорк шаарынан алыс эмес Хард аралындагы ээн талаада жайгашкан көрүстөнгө коронавирустан каза болгон адамдардын жансыз денелерин көмүп жатышат. Маркумдардын сөөктөрүн жерге берүү массалык түрдө ишке ашырылууда. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.
"Кароосу жок же жакыр үй-бүлө өкүлдөрүнүн сөөктөрү аталган көрүстөнгө буга чейин дагы көмүлүп келген. Сөөк коюучу жай Нью-Йорк шаарынан алыс эмес жерде жайгашып, ал дене титиреткен жаман аты менен белгилүү. Мүрзө 151 жылдык тарыхы бар сөөк коюучу жай болуп саналат. Анткени ага жарандык согуштан курман болгон жоокерлердин, өлүү төрөлгөн наристелердин, кароосуз калган адамдардын жана ВИЧке чалдыккандардын сөөктөрү жашырылган", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта мүрзө бүт ааламдын көңүл борборунда болуп, дээрлик бардык өлкөнүн маалымат булактары андагы окуяга көз салып турган чагы.
Маалымат каражаттары АКШ бийлиги вирустун кесепетинен кайтыш болгон маркумдардын денелеринен вирус башкаларга жугуп калуусунун алдын алып, алыс аймак катары аталган сөөк коюучу жайды тандап алышканын жазышууда.
Хард аралындагы ээн талаада жайгашкан көрүстөн.
Маалыматка ылайык, мүрзөгө аптасына беш жолу өлгөн адамдардын сөөктөрү чогуу жерге көмүлүүдө.
Азыркы тапта социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан көрүстөн эң көп кепке алынып, талкууланып жатат. Айрыкча 2011-жылы режиссёр Стивен Содерберг тарткан "Заражение" аттуу тасмадагы окшоштуктар көпчүлүктү таң калтырууда.
Мындан улам социалдык тармактын колдонуучулары бул дал келүүгө таң калып бүтө албай жатышат.
Акыркы маалыматка ылайык, АКШда пандемиядан улам сөөк коюла турган жайлардын саны беш эсеге көбөйгөн.
Азыркы тапта АКШда 742 миңден ашуун бейтап коронавирус менен алышып жатат. Алардын 66 миңден ашууну ооруканадан чыгарылып, 40 миңден ашык адам каза болду.