Түркия коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча Кытайды артка калтырды

Жон Хопкинс университетинин берген маалыматына ылайык, 20-апрелге карата Түркияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 86 миң 300 адамга жетти.

Муну менен Түркия дүйнө жүзү боюнча вирус жуктуруп алган адамдардын саны эң көп катталган 7-өлкө болду. Кытайда вирус жуктуруп алгандардын саны 83 миң 800 адам.

Азыркы тапта эң алдыңкы орунда АКШ турат. Анда 758 миң адам вирус жуктуруп алса, 40 миң 600 адам көз жумган. Испанияда 198 миң адам илдет жуктуруп, 20 миң 400 жаран көз жумган, Италияда 178 миң 900 адамда вирус аныкталып, 23 миң 600 бейтап көз жумган, Францияда 154 миң адам вирус жуктуруп, 19 миң 700 жаран көз жумган, Германияда 145 миң 700 адам вирус жуктуруп, 4 миң 642си көз жумган. Улуу Британияда 121 миң 100 адамдан вирус аныкталып, 16 миң жаран көз жумган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nargizab
2020-04-20 11:14:52
Оору озу Кытайдан чыкса, мен тан каламда неге Кыдайда 100 минге дагы жетпеген оорулулары?
+5
Jelezo
2020-04-20 11:35:10
Nargizab, иммунитеттери күчтүү жана мыйзамга баш ийет тартипти сактаса бир бирине жуктурбайт.
+5
bond02
2020-04-20 12:13:03
А биздин Туркиядан келгендер таза чыкты бирок, кантип?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан