Польшадан келген дарыгерлер Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына барышты

Кечээ, 19-апрелде Польшадан өлкөгө медицина кызматкерлери келген. Бүгүн алар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына барышты. Кытайдан да медицина адистери бүгүн келише турганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.

Анын айтымында, Польша жана Кытай Эл Республикасынан келген адистер коронавирус боюнча биздин медицина кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзүшөт. Алар аталган илдетти дарылоодо кеп-кеңештерди да беришет, мындан тышкары дарылоо процесстерине да катыша алышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан