Коронавирус күндөн-күнгө дүйнө жүзүнө кеңири тарап жатат. Бүгүнкү күнгө карата дагы бир катар мамлекеттерде коронавирус менен жабыркагандар аныкталды. Алар Швейцарияда, Австрияда жана Азербайжанда катталганы маалымдалды.
Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына караганда, Швейцарияда бүгүн, 25-февралда коронавирус менен жабыркаган факт катталганын аталган мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министрлиги ырастаган. Австриянын Тироль федералдуу аймагында 2 жаран коронавирус менен жабыркап жатканы аныкталды. Учурда алар Инсбрук клиникасынын инфекциялык бөлүмүндө экендиги айтылат.
Ал эми Азербайжандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий билдирүүсүнө ылайык, 23 жаран коронавирус менен жабыркаган болушу мүмкүн деп шектелип карантинге алынды. Жабыркагандардын баары Ирандан келишип, борбордук ооруканага кайрылышкан.