Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 320 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, илдеттен сакайып чыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды. Калгандары башка аймактардагы ооруканалардан чыгарылды. Алар:
Бишкек шаары – 161;
Ош шаары – 16;
Чүй облусу – 87;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 14;
Ысык-Көл облусу – 28;
Жалал-Абад облусу – 9;
Баткен облусу – 3.
Жалпы өлкө аймагында 99 миң 794 бейтап коронавирус илдетинен сакайды.