Украинанын президенти Виктор Янукович президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаганын Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Анда Украинанын мамлекет башчысы Кыргызстан менен Украинанын мамилеси мындан ары дагы өнүгөрүнө ишенерин билдирген. “Алмазбек Шаршенович, сиздин ишиңизге ийгилик, ал эми кыргыз элине тынчтык жана өркүндөп-өсүүнү каалайм”,- деп жазылган куттуктоодо.