
"Know Your Meme" порталынын маалыматына ылайык, табыт менен бий тартылган видео интернет желесинде 2015-жылы пайда болгон. Аталган видеону YouTube каналына блогер Трэвелин Систер жүктөгөн. Аталган видео Ганада тартылган.
Ганада маркумду акыркы сапарга узатуу үлпөт той сыяктуу эле өтө маанилүү деп эсептелет. Маркумдун жакындары бул иш-чарага өзүнүн эң мыкты кийимдерин кийип келишет жана уят болбоо үчүн чоң майрам уюштурууга аракет кылышат.
2017-жылы BBC'нин журналисти маркумдарды акыркы сапарга узатуу боюнча өзгөчө бюро ачкан Бенжамин Айдудан интервью алган.
"Бизге каза болгон адамдын жакыны келгенде, мен андан "Сиз катардагыдай же эсте каларлык зыйнат уюштургуңуз келеби, иш-чарага бир аз бий кошууну каалайсызбы?" деген суроо узатам. Кардарлардын көбүнчөсү бул кайгылуу окуяга кичине шаң кошкусу келет", - деген Айду.
Табыт көтөрүп бийлеген адамдардын жумушунда ар кандай кырдаалдар болот. Интернетте алар бийлеп жатып табытты түшүрүп алган учурларды көрүүгө болот.
Аталган видеолордун азыркы тапта популярдуу болуп кетишинин себеби TikTok. Дал ушул жакта ар кандай жаракат алган же акылга сыйбас нерсе жасаган адамдын видеосунун аягы табыт менен бийлеген адамдардын видеосун кошуп башташкан.