Чүйдө өзгөчө кырдаал киргенден бери 164 айдоочу жол эреже бузду

Чүй облусунун Жайыл, Панфилов райондору, Кара-Балта шаарынын жол кыймылынын кызматкерлери пандемия учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Өзгөчө кырдаал тартиби киргенден бери курамдын күчү менен жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 164 айдоочуга бузуулар тууралуу протокол түзүлдү. Анын ичинен 7 айдоочу спирт ичимдигин ичип унаа башкарса, 9 унаанын тиешелүү документтери жок болгон.

"Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 25 унаа атайын коюлуучу жайга киргизилген. Токтоло кетчү дагы бир жагдай, жол кырсыктарынын саны үч эсеге кыскарган. Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кыймылынын эрежелерин жана өзгөчө кырдаал тартибинин талаптарын так сактоого чакырат жана жоопкерчилик тууралуу эскертет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан