Жалал-Абад облусунда санэпидкөзөмөл борборунун 49 кызматкери 20 күндөн бери обсервацияда жатканы айтылды

Бүгүн, 20-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад облусунун санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Дүйшөналы Курбаналиев өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал, эпидемиологиялык абал боюнча маалымат беришти. Анда санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Дүйшөналы Курбаналиевге жарандар тарабынан берилген суроолордун кээ бирлерин тизмектеп беребиз.

Суроо: "Обсервацияда санэпидкөзөмөл борборунун канча дарыгери жатат жана алардын анализинин жыйынтыгы чыктыбы? Сиздерде иштеген дарыгерлерге канчалык кам көрүп жатасыздар?".

Жооп: "Жалал-Абад облусунун санэпидкөзөмөл борборунун дарыгеринен коронавирус аныкталганына байланыштуу борбордун башка 49 кызматкер 20 күндөн бери обсервацияда жатышат. Вирусологиялык лабораторияда 41 кызматкер жана Бишкектен келген 8 кызматкер иштеп жатышкан. Анализдер четинен чыгып жатат, Кудайга шүгүр, таза чыгууда.

Бул оору биздин өлкөдө эле эмес өнүккөн өлкөлөрдө да чоң көйгөйдү жаратып жатат. Ошондуктан башында ишти жолго салуу бизге оор болду. Кызматкерлердин саламаттыгын сактоо боюнча да иш-чаралар жүрүп жатат. Алар вирустун негизги очокторуна чыгып жатканда атайын коргоочу кийимдерди кийип чыгып жатышат".

Суроо: "Шаар тургуну кантип өз алдынча барып, экспресс-тест тапшыра алат?".

Жооп: "Эң биринчиден оорулуу менен байланышта болгон жарандарды экспресс-тесттен өткөрөбүз. Экспресс-тест деген анализинин жыйынтыгы тез арада чыга турган лабораториялык изилдөө болуп саналат.

Азыркы күндө бул тестке каалаган жаран келип, өз алдынча текшериле албайт. Бирок жаран кандайдыр бир симптомдорду өзүнөн билип калса, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылып, текшерүүдөн өтүшү керек".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан