Оштогу соода борборлорунда азык-түлүк жетиштүү. Бүгүн, 31-мартта вице-премьер Акрам Мадумаров жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы чоң соода борборлорун кыдырышты. Алар “Фрунзе”, “Глобус”, “Народный” соода борборлорунда сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн бааларын, алардын жетиштүүлүгүн текшеришти.
Вице-премьер посттордон азык-түлүк өткөрүүдө кыйынчылык болбой турганын белгилеп, эл азык-түлүк менен толук камсыздалып турарын айтты. Шаар мэри аталган соода борборлордун жетекчилерине азык-түлүктөрдү буюрутма менен тургундардын үйлөрүнө жеткирип берүү кызматын жандандырууну сунуштады.
"Шаарда жайгашкан соода маркеттериндеги азык-түлүктөрдүн жетиштүүлүгүнө жана баалардын туруктуулугуна анализ жүргүзүлүп турат. Бүгүнкү күндө маркеттерде жетиштүү азык-түлүктөрдүн запасы бар, баалары туруктуу жана кооптонууга негиз жок. Ошондой эле дүкөндөргө товар алып келген фирмалар тоскоолдуксуз посттордон өткөрүлүүдө. Эң башкысы бардык азык-түлүк дүкөндөрү учурдагы абалга карабай өз иштерин улантып жатышат", - деди мэр Сарыбашов.
Соода түйүндөрү коменданттык убакытка байланыштуу эртең мененки саат 08:00дөн кечки 17:30га чейин туруктуу иштеп жатат.