Бир сутка ичинде коронавирус инфекциясын 1 медицина кызматкери жуктуруп алганы тастыкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, илдетти жуктуруп алган дарыгер Ысык-Көлдө катталды.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу медицина тармагынын 4 миң 246 кызматкеринен аныкталса, 4 миң 197и айыкты.