Орусиядан келишимдик негизде сатып алынган буудай Кыргыз өлкөсүнө жеткирилип келе баштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөгө 15 вагон – 1028 тонна буудай Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампасына түшүрүлдү.
Буга чейин Кыргыз өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду Орусиядагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.
Ушул аптанын ичинде дагы 36 вагонго жүктөлгөн буудай темир жол аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилет. Ал эми калган бөлүгү май айынын аягына чейин келет.
Учурда мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өкмөттүн тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар/абал режими киргенден бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 5 миң тоннадан ашык ун жана 150 тонна шекер бөлүнүп берилди.