Бүгүн, 11-мартка карата өлкө боюнча дагы 52 жарандан COVID-19 жана пневмония илдети аныкталды. Республикалык штабдан кабарлашкандай, акыркы суткада Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарында илдетти жуктуруп алгандар катталган жок.
Бишкек шаары - 26;
Чүй облусу – 16;
Ош облусу - 6;
Ысык-Көл облусу – 2;
Баткен облусу - 2.
Муну менен республика боюнча илдеттен жабыркагандардын саны жалпы 86 миң 692 болду.
Ал эми бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткандардын ичинен 52 бейтап айыгып чыкты.
Бишкек шаары – 19;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 9;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 2.
Айыккандардын жалпы саны 83 миң 718ге жетти.