Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 117 миллион 522 миң 414 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 66 миллион 581 миң 829 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 608 миң 808 адам илдеттен каза болду. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 10-мартка карата алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 93 миң 692 болду. 527 миң 638 адам каза болсо,12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 244 миң 786 адамдан аныкталды. 157 миң 930 адам каза болсо, 10 миллион 899 миң 394 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.