Буга чейин Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан 4 кызматкерден коронавирус аныкталганы маалымдалган. Буга байланыштуу андагы 22 кызматкер обсервацияга жаткырылып, анализ тапшырышкан. Коронавирус андагы дагы төрт адамдан аныкталганын ҮДБнын башчысы Гүлнара Ташибекованын билдирүүсүнө таянып жергиликтүү басылмалардын бири жазды.
Ага ылайык, дагы бир кызматкер - эндокринологдон аталган инфекция аныкталып, аны "Тез жардам" кызматы Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына алып кеткен. Оору жуккан 8 кызматкердин бири жандандыруу бөлүмүндө экендиги жазылат маалыматта.
Медициналык мекемелердин коронавирус жуктуруп алган кызматкерлеринин саны 140ка жетти.