Акыркы бир сутка ичинде Баткен облусунда коронавирус инфекциясы дагы 10 адамдан аныкталып, облус боюнча илдет аныкталган адамдардын саны жалпы 162ге жетти. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус боюнча сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган 10 адамдын ичинен:
Баткен шаары - 3;
Кызыл-Кыя шаары - 2;
Кадамжай району - 5.
Ошондой эле учурда облус боюнча изоляцияда 60 адам дарыланууда. Ал эми амбулатордук изоляцияда 51 адам бар. Обсервацияда жалпы 70 адам жатат.