Бүгүн, 14-августта президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында банктык жана төлөм системдеринин туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоо чаралары талкууланды.
Толкунбек Абдыгуловдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Улуттук банк тарабынан илдеттин терс таасирлерин жымсалдоо, ишкер субъектилерин жана калкты колдоо максатында жалпысынан 6 миллиард сомдон ашык каражат ата мекендик экономиканы жана реалдуу секторду колдоого багытталган:
Ошондой эле бюджетти колдоо максатында Улуттук банктын 2019-жылдагы 2 жарым миллиард сом өлчөмүндөгү бардык кирешеси 2020-жылдын июль айында мамлекеттик бюджетти колдоого багытталган, ал эми 10 пайызы болжол менен 256 миллион сом, өлкөнүн каржы секторун колдоо үчүн өкмөттүн резервин түзүүгө багытталган.
Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын эл аралык резервдери тарыхый максимумга жетип, 2 миллиард 769 миллион долларды түзгөнүн кошумчалады.
Резервдердин өсүшү биринчи кезекте ички рыноктогу алтынды улуттук валютага сатып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатка байланышкан.
Мындан сырткары ал Улуттук банктын мурда берген сунуштамаларына ылайык, зайымчыларга жеңилдиктерди берүү жаатында каржылык-насыялоо уюмдары тарабынан 30-июлга карата жалпы суммасы 77 миллиард сомдук 201 миң 277 насыялар реструктуризацияланганын маалымдады.
Муну менен бирге Улуттук банк 12-августта атайын регулятивдик режим жөнүндө токтом кабыл алган. Ага ылайык, банктык жана төлөм системдеринде инновациялык кызмат көрсөтүүлөр жана технологиялар ишке киргизилет, баасы төмөндөтүлөт, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулайт, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде ачык-айкындуулук камсыздалат.
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын макроэкономикалык туруктуулукту сактоодогу өзгөчө ролун белгиледи.
Каржылык-банк тутумунда туруктуулукту сактоонун, коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу сакталып жаткан тобокелчиликтер шартында улуттук валютанын сатып алуучулук мүмкүнчүлүгүнүн маанисин баса белгиледи.
Мамлекет башчы бардык аймактардагы банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү кенейтүүнүн маанисине токтолуп, алыскы райондордун пос-терминалдар жана банкоматтар менен камсыздалышына көңул бурду.
Улуттук банктын төрагасынын берген маалыматы боюнча, жергиликтүү бийликтин айрым жетекчилеринин материалдык жоопкерчилик алууну каалабаганы банкоматтарды орнотууга тоскоолдук болууда. Толкунбек Абдыгулов бул багытта Өкмөт менен биргеликте иштер жүргүзүлүп жатканын, орун алган көйгөйлөр чечилерине ишендирди.
Мамлекет башчысы ошондой эле ишкердикти колдоого жеңилдетилген түрдө насыяларды берүү механизмдерин иштеп чыгууга көңүл бурду. Мындан сырткары Улуттук банк өлкөнүн алтын-валюта резервдерин көбөйтүү саясатын улантып, азыркы түзүлгөн кырдаалда өзгөчө маанилүү болгон банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча ишти күчөтүү керектигин белгиледи.
Президент өлкө экономикасын мындан ары стимулдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу үчүн кылдат анализ жүргүзүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.