21-апрелден 22-апрелге караган түнү жер жүзүнүн жашоочулары Лириданын метеордук жаанын көрө алышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Лириданын метеорлорунун булагы Тэтчер кометасы. Биздин планета жыл сайын апрель айынын экинчи жарымында анын орбиталык жолун кесип өтөт, тактап айтканда кометадан калган чаңдын арасынан өтөт.
"Жер жүзү секундасына 30 чакырым ылдамдык менен жүрөт, ал эми кометанын чаңы атмосферага тийип, сыртка багыт алган бөлүкчөлөрү, тактап айтканда метеорлор секундасына 48 чакырым ылдамдык менен жүрөт. Бул алар бизге бет маңдай учушат дегенди түшүндүрөт", - деп жазылат маалыматта.
Жылдыздардын учушун көрүү үчүн эң жарык тийген Вега жылдызын кароо керек. Эң ыңгайлуу убакыт түн жарымынан баштап таң атканча чейин.
Кыргыз жергесинде бул керемет кооздукту көрүү үчүн идеалдуу шарттар бар. Синоптиктердин билдиргенине ылайык, түндө эч кандай жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми Айдын жоктугу караңгылыкты тартуулап жылдыздар так көрүнөт.