COVID-19га каршы Германия менен Американын компаниялары биргеликте иштеп чыккан вакцинасы 90 пайыз натыйжалуулугун көрсөткөн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
"Бул вакцина 3-сыноодо 90 пайыз натыйжалуу экендиги аныкталды. Бул адам жана илим үчүн дагы чоң жаңылык", - деген германиялык компаниянын директору Угур Сахин.
Ошондой эле вакцинанын эффектиси 28 күндөн кийин билинет. Изилдөөгө жалпы 43 миң 538 ыктыярчы катышкан. Вакцина адамдарга терс таасирин тийгизбей турганы айтылат маалыматта.
Мындан сырткары компания жыл аягына чейин 50 миллион, ал эми кийинки жылы 1 миллиард 300 миң доза вакцина чыгарууну пландоодо.