Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 365 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, Чүй облусунда 70 бейтап илдеттен сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Калгандары:
Бишкек шаары – 240;
Ош шаары – 7;
Чүй облусу – 70;
Ош облусу – 14;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 16;
Жалал-Абад облусу – 11;
Баткен облусу – 6.
Жалпы айыккандардын саны 95 миң 811 бейтапты түздү.