Биринчи байчечекей Сары-Челек мамлекеттик жаратылыш коругунда гүлдөдү. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда Сары-Челек коругунун аймагында сары байчечекейден тышкары, койчунун баштыгы жана ирис гүлү гүлдөдү. Бул сейрек кездешүүчү уникалдуу гүлдөр таштак жерлерде өсөт жана жыл сайын кар эригенден кийин суктандырган кооз бүчүрлөрүн биринчилерден болуп ачат. Бул жаз гүлдөрүнүн гүлдөө мезгили бир аптага гана созулат.
Чындыгында коруктун кооздугу - Сары-Челек көлү, анын узундугу 7,5 чакырым, туурасы 3 чакырым жана тереңдиги 250 метр. Мындан тышкары 6 көл бар. Алар Ири-Көл, Арам-Көл, Чөйчөк-Көл, Түйүк-Көл, Кыла-Көл жана Бакалы-Көл", - деп билдиришти агенттиктин басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, Сары-Челек мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аймагынын аянты 24 миң гектарга жакын. Корукта сүт эмүүчүлөрдүн 40тан ашык түрү, канаттуулардын 175 түрү жана балыктын 5 түрү бар. Өсүмдүктөрдүн 1 миң 200дөн ашык түрү өсөт. Алардын көпчүлүгү Кыргыз өлкөсүнүн Кызыл китебине киргизилген.