Өлкө боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 612ге жетти. Анын ичинде 15 жашка чейинкилер арасында вирусту жуктургандар 60тан ашканын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Коронавирус аныкталган жарандардын арасында 15 жашка чейинкилердин саны 62ге өстү. Анын ичинен төртөө 1 жашка чейинки наристелер", - деди ал.