Бүгүн, 5-майда Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы Токтосун Султанов район боюнча жардамга муктаж адамдардын тизмеси кандай жол менен түзүлүп жатканын айтты.
"Муктаж болгон жарандардын тизмеси кандай жол менен түзүлөт деген суроо бизге көп берилип жатат. Учурдан пайдаланып айта кетсем, Бишкектин Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан түзүлгөн тизме боюнча, кварталдык жана үй комитеттеринин турак жай ээлеринин шериктештигинин төрагалары тарабынан түзүлгөн тизме бар. Үчүнчү, Ленин районунун билим берүү борбору аркылуу түзүлгөн тизме. Булар аз камсыз болгон окуучунун ата-энелери же мугалимдер. Төртүнчү, Ленин райондук администрациясынын расмий баракчаларында, бул интернет булактан алган тизменин негизинде түзүлдү. Ошондой эле инфекция башталганда район боюнча үч телефон номер берилген. Ошол номерлер аркылуу ыкчам чалуулардын негизинде кабыл алып жатабыз", - деп билдирди администрациянын башчысы.