Бүгүн, 22-апрелде Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум орун алмак. Бирок мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу соттук отурум жылдырылганын анын жактоочусу билдирген.
Ал эми УКМКнын маалымат кызматынан Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык деген билдирүү жасады.
"Учурда Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Бирок мурдагы президент бүгүн, 22-апрелде белгисиз себептерден улам соттук отурумга катышуудан баш тартты", - деп айтылат маалыматта.