"Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум анын катышуусу жок өткөнгө каршы эмес" дейт жактоочу

Бүгүн, 22-апрелде Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум башталмак. Бирок мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу процесс жылдырылганын анын жактоочу Сергей Слесарёв билдирген.

Ал эми УКМКнын маалымат кызматы Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык деген билдирүү жасаган.

Буга байланыштуу жактоочу Замир Жоошев мурдагы өлкө башчынын ден соолугунун начарлашы тууралуу коңгуроо жыл башынан бери кагылып келе жаткандыгын, бирок ага карабай Алмазбек Шаршеновичке тийиштүү медициналык кароо жүргүзүлбөй келгендигин айтат.

"Бул жерде айта кетүүчү маанилүү жагдай, бүгүн, 22-апрелде Алмазбек Шаршенович конвой кызматкерлери аркылуу "ден соолугума байланыштуу сотко бара албайм, бирок менин катышуумсуз сот отурумун өткөрүүгө каршы эмесмин" деген арызын берип жибериптир. Чындыгында Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу кан басымынынын төмөндөп кеткендигине байланыштуу начар абалда. УКМКнын башчылары тарабынан экс-президенттин ден соолугунун УКМКдан көз карандысыз болгон медициналык кызматкерлердин тобу дыккат карап чыгып, анан толук кандуу дарылоо жүргүзүүсүнө шарт түзүлбөй жатат", - дейт жактоочу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
DNurgiza
2020-04-22 16:27:01
Болду да эми, шерменде эле болдук ко, экс ажоону ушунча абакка кармап. Жазасын алып бутту, эми койбергиле.
+2
Kuban-1207
2020-04-22 17:00:28
Кой бериш керек ансыз деле биягы жеп атат мамлекетти
+3
samarbek.88
2020-04-22 21:12:27
Урматту Атамбаев карантин учурунда елге акчалай жардам көрсөтүңүз сиз мулти миллонерсизго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан