Ала-Бука районунда үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен коронавирус аныкталып, мекеме жабылдыбы? Акимдин жообу

Ала-Бука районунда №1 үй-бүлөлүк медицина борборунда 3 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталып, борбор жабылганы тууралуу маалымат келген. Маалыматты тактоо үчүн SUPER.KG порталы Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыровго байланышып, төмөнкүлөрдү билди.

"Учурда №1 үй-бүлөлүк медицина борборунда 3 кызматкердин коронавируска тапшырган анализи күмөндүү болуп жатат. Күмөн болгондордун арасында үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси, орун басары бар. Бирок аларды коронавирус жуктурду деп айтууга эрте. Кызматкерлердин анализдери Жалал-Абадга жөнөтүлдү. Так жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгат. Ошого байланыштуу кечээ үй-бүлөлүк медицина борборунун бардык кызматкерлеринен экспресс-тест алынган, баарыныкы таза чыккан. Ошентсе да кооптонуп, үйүнө барышкан жок. Аларга жатканга атайын мейманкана уюштурулду. Ал эми медицина борбору толук жабылган жок. Керектүү жайлар иштеп жатат", - деди аким.

Ошондой эле Ала-Букадагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын кызматкерлеринен да коронавирус аныкталганы тууралуу маалымат келген. Ал боюнча аким "Санитардык эпидемиологиялык станциядан эки кызматкердин анализи күмөн болуп жатат" деп билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nuri1988Elim2010
2020-04-23 17:41:42
Ушундай ызычуу, эл дүрбөлөңгө түшүп жатышат бизде, райондун центр кооптуу дешип,
Кудайым өзү сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан