Казакстанда 9-11-класстын окуучулары бүтүрүү экзамендерин тапшырбай турган болушту

Казакстандын басылмалары бул өлкөдө 9-11-класстын окуучулары бүтүрүү экзамендерин тапшырбай турганын жазышты. Казакстандын билим берүү министри Асхат Аймагамбетов мындай чечим коронавирус инфекциясынын тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу болгонун айткан.

Чечимге ылайык, 9-11-класстын окуучуларына окуу жылдагы жалпы баа коюлат, анын негизинде бүтүрүү экзамендери да бааланат.

"Бүтүрүү экзамендер болбойт, жылдык баанын негизинде экзаменге баа коюлат да аттестат берилет" деген министр.

Мындан тышкары ал дистанциялык окутуунун усулдары тууралуу буйрукка кол коюлганын, ага ылайык, мугалимдер окуучудан тапшырманы аткарып жатканын тастыктаган сүрөт-видеолорду сураганга уруксат жок. Ошол эле учурда мугалимдер мектептеги отчётторду жазуудан бошотуларын белгилеген ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-10 22:33:40
Бизге да ушундай кылса болмок.Байкуш эжекелер онлайн сабак деп эстери оой турган болду.Андан көрү эртеңден кечке мектепте жүргөнүбүз жакшы эле дешет
+9
pat12
2020-04-10 22:41:12
Эмне болсо да балдарды билимден артта калтырбагыла.
+1
Mintip-menu-suybo
2020-04-10 22:49:48
Бизге да ушундай киргизгиле... Телефонубуз бошобой калды балдардан... Бир моментте экоонун сабагы башталат... Кечки 9 га чейин сабак отуп атышат... Ушул жагын карап койсонор...
+4
Gulya78
2020-04-11 06:52:01
Эң туура өзү коронавирус жүрөктү сыгып атканда ушинтип окуган жана окуткан аябай кыйын болууда .Телефондор катып жарылып кетейн деп калды
0
rola
2020-04-11 09:38:11
Бизде да ушундай кылыш керек.Телефон,телевизордон окуп кыйратканда деле окуучуларга жылдык баа коюлат.Уйдо баары туура -так жазышат,ата-энесинин жардамы менен.Мугалим билет ар-бир баланын кандай окуганын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан