Учурда Кытай аймагын белгисиз коронавирустун түрү каптагандыктан, Тышкы иштер министрлиги ал жакка сапарга чыкчулар эмнени эске алуу керектигин эскертишти.
"Вирусту жугузуп алуу коркунучун азайтуу максатында Кытайда жашаган же ал жакка барууну пландап жаткан жарандарга төмөнкү чараларды колдонууну сунуштайбыз:
* Киши көп жакка барбоо;
* Кытайдын вирус катталган аймагына каттабоо;
* Сактоочу бет кап кийүү;
* Чийки тамакты, жакшы куурулбаган жаныбарлар эти кошулган тамактардан баш тартуу;
* Кайнатылбаган сууну ичпөө;
* Жер-жемишти, колду бат-баттан тазалап жуу.