Бишкекте айдоочу рулга ээ боло албай токтоп турган 6 унааны сүзүп кетти. Анын кесепетинен эки жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат катчысы билдирди.
Кырсык 24-апрелге караган түнү саат 01:30 чамасында Каралаев-Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды.
"1988-жылы туулган П.А. аттуу айдоочу Субару Легаси унаасы менен бара жатып, рулга ээ боло албай аталган көчөлөрдүн кесилишинде токтоп турган 6 унааны сүзгөн. Унаалар - Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү 2 унаа, Мерседес-Бенц, Минивэн, Тойтота Камри жана Лада.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 155-берене менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Ал эми кырсыктын кесепетинен Субару Легаси унаасындагы 2 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышып, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди", - деди мекеменин басма сөз катчысы.