Баткенде жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.
"Жер титирөө 24-апрелде саат 01:44тө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Коргон, Өтүкчү, Сары-Өтөк айылдарында 2,5 балл, Совет айылында эки балл болуп сезилди", - деп жазылат маалыматта.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.