Эл аралык валюта фонду коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө 120 миллион 900 миң доллар бөлдү

Эл аралык валюта фонду коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө 120 миллион 900 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып жатышат.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков буга чейин ЭВФден коронавирустун алдын алуу үчүн каржылык колдоо өтүнүчү менен кайрылган.

"Бул өтүнүчтү канааттандырып, ЭВФтин аткаруучу кеңеши Кыргыз өлкөсүнө 120 миллион 900 миң доллар бөлүп бермей болду", - деп айтылат маалыматта.

Бул Эл аралык валюта фондунун пандемия башталгандан бери алгачкы жолу акча бөлгөнү болуп саналат. Акчаны Кыргыз өлкөсү финансылык тармагын бекемдөөгө жана саламаттыкты сактоо жаатына колдонот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
murat17
2020-03-27 12:52:28
жакшы жанылык экен эми бул акчаны озунор болушуп албай жакшы иштеткиле
+10
chake
2020-03-27 13:21:13
murat17, эң негизгиси калктын ден соолугу биринчи орунда болуу керек баардык зарыл болгон препараттарды жана элге керектүү каражаттарга жумшасак баары жакшы болот буйруса
+4
Alimbek1000
2020-03-27 13:29:07
Колдойлу бул каражатты уномдуу пайдаланып азыркы кырдаалдан чыгып кетсек
0
robot111
2020-03-27 13:30:25
бул каражатта корона вирустун кесепетинен жаралган кырдаалды жонго салууга жумшалат деген ойдомун.
0
NURSAPAR
2020-03-27 12:57:36
Эр экенсиңер биринчи болуп алышыптыр. Эми жемкорлорго жедирбей максаттуу иштетиңиздер.
+3
kuttubekuzgen
2020-03-27 12:57:59
120 миллион сомбу же долларбы? Жакшы болмок берсе.
0
Asman779
2020-03-27 13:06:57
Кичине болсо дагы жакшы жанылык. Туура колдонуп ооруну женелик. Биздин жардамыбыз уйдон чыкпай тазалыкты сактап берели. Озубуз учун балдарыбыз, туугандарыбыз Жана жалпы кыргыз эли учун. Бизди уйго отургузуп коюп озунор акчаны болуп кетпегиле
+2
erlan2196
2020-03-27 13:13:37
Так ошондо бул 120 млн, 120 депутатка, калган 900 миңи Сокенин чөнтөгүндө калмай болдубу.
-2
yars2017
2020-03-27 13:22:02
Жок дегенде ушундай кырдаалда элди ойлошот го дейм
+2
XAN-TORO
2020-03-27 13:22:27
Урматтуу аткаруу бийлигинин окулдору силерден сураныч ушундай кыйын кырдаалда бир тыйынын да так эсептеп эл учун иштеп бергиле. Силерде деле журок ан сезим бар деп ишенем
+2
aydinnur
2020-03-27 13:23:43
Жарымы бизге,жарымы саясатчылардын чонтогуно..
0
Jaznura
2020-03-27 13:24:20
Оор абалда жардам берип жатат. Бул аркылуу мамлекетибиздин аймагында болуп жаткан коронавируска каршы күрөшүүнүн сапатын жакшыртууга болот.
0
Alinur96kg
2020-03-27 13:40:44
Соке жонундо жазылса эле Чаке чыга салат мактап эле.
+1
erlan2196
2020-03-27 13:48:48
Alinur96kg,
Сокенин акаляры уколяры курулай мактап жатышат
+1
Nemo_0587
2020-03-27 13:56:14
Инфекцияга каршы күрөшүүгө сарптоо керек, бирок алдыдагы шайлоого көп суммадагы акча каражаты керектелет, балким ошол шайлоого жумшоого ойлонуп атышкандыр ким билет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан