Коронавирустан айыккан дарыгер Надира Сооронбаева кандай дарылоо болгонун айтып, кесиптештерине ыраазычылык билдирди

Бүгүн, 24-апрелге карата өлкөдө 20 бейтап коронавирустан айыгып, анын 8и медициналык кызматкерлер экени маалым болду. Илдеттен арылган медицина тармагынын кызматкери Надира Сооронбаева дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди. Анын видео билдирүүсүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялады.

Видеодо бейтап кандай шартта дарыланганын көрсөтүп, дарылоодо тамчылатып ийне саюу, антибиотиктер колдонулганын айтат.

"Мен жакынкы күндөрү бул илдетти жеңебиз деп үмүттөнөм жана ишенем. Учурда стационарларда дарыланып жаткан бейтаптарга эртерээк сакайып, үйлөрүнө чыгышын каалайм. Ар бир жаран дарыгерлердин кеңешин четке какпай өздөрүнө сак болушсун. Биз дарыгерлердин жардамы аркылуу сакайдык", - деди ал.

Ооруну жеңген Надира Сооронбаева борбор калаадагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада дарыланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан