Өлкөдө коронавирус аныкталгандардын 30 пайызы сырттан келгендер түзөт (видео, хронология)

Бүгүн, 28-май саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бул суткага карата коронавирус боюнча статистикаларды айтууда. Маалыматтар онлайн-брифингде берилүүдө.

2020-05-28 10:25:00

"Өлкөдө эпидемиянын аякташы кайсы мезгилге барат? Божомолдор барбы?"

"Бул суроонун жообу абдан көп адамдарды кызыктырып келет, азыр так жооп берүү кыйын. Өзүңүздөр көргөндөй сырттан келгендерден оору көп аныкталып жатат. Коронавирус аныкталгандардын саны кайрадан көбөйүүдө. Көп эле өлкөлөрдө эпидемиологиялык абал бир аз оор болуп калды. 

Азыр да сыртта жүргөн бир топ мекендештер өлкөгө кайтып келүүнү каалап жатышканын айтып жатышат. Андыктан биз карантинди ала албайбыз, аны токтотуу өзүнөн-өзү билинет. Азыр анын датасын так айтуу кыйын", - деди Үсөнбаев. 

2020-05-28 10:20:00

Бишкек шаарында ооруну байкап, өздөрү сиздерге кайрылгандар болдубу? 

"Биз ар бир оору аныкталганда кайдан, кантип жуктуруп алгандарына иликтөө жүргүзүп жатабыз. Анын ичинде бейтаптын байланышта болгон адамдарын да аныктап жатабыз. 

Айрым учурда ооба, жарандар өздөрү кайрылып жатышат. Бирок алар акыркы 2 апта ичинде кимдер менен кайда байланышта болгондорун эстей алышпайт. Бул абал контакт болгондордун саны жайылып кеткенин билдирет. Штабда бул абал талкууланып жатат", - деди Үсөнбаев. 

2020-05-28 10:14:00

"Өлкөгө сырттан келген канча адамдан коронавирус аныкталды?" - деген суроо берилди министрдин орун басарына. 

"Сырттан келгендерден 450 адамдан коронавирус табылган. Бул республикадагы оору аныкталгандардын 30 пайызын түзөт", - деди министрдин орун басары. 

2020-05-28 10:12:00

Соль-Илецктен келген мекендештердин ичинен 101 адамдан, Бузулуктан келгендерден 8 адамдан коронавирус аныкталган. 

"Мындан тышкары Орусиянын бир нече шаарынан келген курсанттардан да оору аныкталып жатат, азыркы учурда алардын ичинен 52 адамдан инфекция табылды", - деди Үсөнбаев. 

2020-05-28 10:10:00

Кыргыз өлкөсү боюнча обсервацияларда 2 миң 648 адам жатат. 

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 миң 184 (Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

2020-05-28 10:07:00

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 27 кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен:  
• Бишкек шаарында – 5 кызматкер;
• Ош шаарында – 15 кызматкер;
• Нарын облусунда – 7 кызматкер.
Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча 326 медициналык кызматкерден COVID-19 инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты. 

2020-05-28 10:05:00

28-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 74 учур катталды:
Бишкек шаары - 11 + 10 Орусиядан келген курсанттарынан;
Чүй облусу - 1;
Ош шаары - 35;
Ош облусу - 4;
Нарын облусу - 13.

2020-05-28 10:00:00

Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 23 бейтап:
Бишкек шаары - 9;
Ош шаары - 1;
Нарын облусу - 12;
Жалал-Абад облусу - 1.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1066 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Saidochka
2020-05-28 12:11:48
Обсервацияда жаткандардын чыгып атабы, сырттан келгендер денби, же байланышта болуп эл аралап жургондордонбу, ошол жагын айтпайсынарбы
+3
Makul
2020-05-28 12:41:31
Бул цифраларга эл эчак эле ишенбей калган. Цифралардын толтура акча экени талашсыз. Эл ошол коркпой эле көчөдө мурдагыдай жай баракат жүрүшөт. Милициянын акчасын да жеп коюшуп бербей коюшуптур күнү түнү иштетишип акмактар. Жарылып калышса жакшы болмок.
+4
samirabi
2020-05-28 12:45:31
Ошто эмнеге кобоюп жатат,же обсервациядагыларбы?Сырттан келгендерди жакшы текшериш керек
+3
Krai
2020-05-28 12:48:15
Бул атың очкур оору күндөн күнгө көбөйүп баратат. Бир жакшына болуп азайып калды эле. Сырттагы мекендештерди алып келбей коё туруш керек болчу. Мына бизден экономикасы канча күчтүү болгон өзбекистан өз жарандарын алып келбей эле койду го Самара облусунда канчалаган өзбек жарандары жатышат. Ачыгын эле айтпадыбы алып келбейбиз мүмкүн болсо жумуш таап беребиз деп койду го
+3
titanik32
2020-05-28 13:05:23
Өлуп кетсин эми,дағы көбөйөт буюрса.Чет өлкөдөн алып келбегиле десе эле алып келесиңер.2 ай көттү кысып жаттык карантинде,карантинде жаткан мээнетти актабай Россия башка жактардан алып келесиңер чала болот.Эми бокту токтото аласыңар коронавирусту.Жаным ачышкандан жаздым ушуларды.
+10
Dushabolna
2020-05-28 22:37:19
Чет жактан мейли алып келгиле. Силер ошолорду кандай жерге алпарып атасынар. Значит ошол болмолор дизинфекциясы начар. Жее ар бирине болок болок болмосу жокпу дейм да. Сразу эле баары ооруй чыгат да ушу. Же акча кылып калалы пайдаланып деп атасынарбы ыя?
+1
erlanspb
2020-05-29 10:18:42
Бул вирус жок еле нерсе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан