Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 30 жаштагы жаран травматикалык тапанча менен өзүн-өзү атып салды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-апрель күнү Жети-Өгүз РИИБине "Тез жардам" кызматынан маалымат келип түшкөн. Анда 1990-жылы туулган жаран алган жараатынан улам каза болгону айтылган.
"Маркум жубайы менен таарынышып, ал төркүнүнө кетип калган. Мындан улам ал классташтары менен жубайына барып, аны алып келмекчи болгон. Ал эми алар бара турган унаа маркумдун милиционер классташына таандык болгон. Алар жолдо бара жатып, маркум жубайын үйдөн алып кеткен бажасына телефон чалган. Ал телефонду кайненесине берип, бирок ал трубканы коюп салган. Ал кайра бажасына чалып, жолугуп сүйлөшүүнү суранган. Ошол малда ал классташтарын унаадан сыртка чыгып туруусун суранган. Көп өтпөй унаанын ичинен тапанчанын үнү чыккан.
Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.
Ал эми тапанча кимге тиешелүү экени азырынча белгисиз.